20-февралдан 15-мартка чейин ОКӨФ аймактардагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрөт

16 Февраль 2018 г.

Орус-Кыргыз өнүгүү Фондунун кызматчылары ишкерлерге кеңеш берүү жана келечектүү долбоорлорду издөө үчүн жыл сайын Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып турушат. Жолугушуулар календарга ылайык өткөрүлөт.

Жолугушуулардын алкагында ЖИА бизнес-ассоциациясы менен биргеликте ишкерлер менен тегерек столдорду өткөрүү пландалууда. Негизги талкуулануучу маселелелер кийинкилер: аймактардын потенциалы, коңшу өлкөлөрдүн тренддери жана алардын Кыргызстандын экономикасына болгон таасири.

Аймактардын экономикасына максималдуу социалдык-экономикалык таасири бар чакан жана орто бизнес долбоорлору кызматташтыкка чакырылат. Алгачкылардан болуп кийинки тармактардагы долбоорлор каралат:  айыл чарба (кайра иштетүү, сактоо); жеңил өнөр жай – экспорт багыттуу, инфратүзүм – бардык ТКЧ чөйрөсү, суу тазалоо жана ташуу, электроэнергия; машина куруу – станок, тиричилик приборлорун өндүрүү.

Даяр бизнес-долбоорлору бар ишкерлерди чакырабыз. Келгиле, аймактарды бирге өнүктүрөлү!

Кошумча маалымат үчүн байланыш телефону: 0770 33 91 33