Карьера

Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жамаатынын иш-аракеттери Фонд өз миссиясын аткарышына багытталган. Ал миссия: Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасын жаңылантууга жана өнүктүрүүгө, мамлекеттин Евразиялык экономикалык интеграцияга катышуусу менен шартталган мүмкүнчүлүктөрдү инвестициялык аракеттерди ишке ашыруу жолу менен натыйжалуу пайдаланылышына көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Ошондой эле Фонддун иш-аракеттери кыргыз, россиялык жана эл аралык каржы рынкторунда Фонд абройлуу жана натыйжалуу эл аралык каржы уюуму катары бекемделишине багытталат.

Квалификациялуу кадрларга инвестициялоо ийгиликтин келечектүү негизин түзө тургандыгын түшүнүү менен, биз кесипкөйлөрдөн турган команданы түзүүдөбүз, Фонддун кызматкерлеринин квалификациясы, ишке кызыгуусу, социалдык коргонуучулугу жогорулашына, алардын корпоративдик баалуулуктарга берилгендиги көтөрүлүшүнө үзгүлтүксүз кам көрөбүз.

Биз өз командабызга таланттуу, максатка умтула билген, ак ниет жана ийгиликке ишенген адамдарды кубануу менен кабыл алабыз. Эгер Сиз ушул сапаттарга ээ болсоңуз жана насыя-инвестициялык, каржы, эл аралык, маалыматтык-талдоочулук иш-аракеттерде өзүңүздү көрсөткүңүз келсе, Россиялык-Кыргыз өнүктүрүү фонду Сиз үчүн кесиптик жактан өрчүп-өнүгүү жолундагы мыкты мүмкүнчүүк болот.

Сиз орус тилиндеги өз резюмеңизди hr@rkdf.org электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.

Сиздин талапкерлигиңиз ылайыктуу бош кызмат орду пайда болор замат каралат.