2019-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржы рыногундагы орду

Өлкөнүн экономикасын жаңылаштырууга жана анын евразиялык экономикалык интеграциянын бирдиктүү рыногуна кошулушуна түрткү берүү менен, Фонд Кыргыз Республикасынын насыя рыногунда олуттуу орунду ээлеп, ага бир топ күчтүү таасир кылат.

Капиталдаштыруу деңгээли боюнча Фондду республиканын бүтүндөй банк тутумунун капиталдаштыруу деңгээли менен салыштырууга болот. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча банк тутумунун жалпы капиталы 42070,0 млн сом деңгээлинде калыптанып, 604,1 млн АКШ долларын түздү (2019-жылдын акырына карата КР УБдин расмий курсу боюнча), ал эми Фонддун жеке капиталы 2019-жылдын аягында 532,0 млн АКШ долларына жетти.

Леверидж коэффициенти орто эсеп менен 6 болгон банк тутумунан айырмаланып, Фонддун балансы левериджделген эмес [1] жана негизинен капиталдан турат.

Банк тутумунун жана РКӨФтүн каржылык башкы көрсөткүчтөрү

Кыргыз Республикасынын банк тутумунун жалпы активдери,млн  АКШ доллары 2 346,0 2 346,0 2 876,0 3 178,0 3575,1
Кыргыз Республикасынын банк тутумунун активдеринде жалпы капиталдын үлүшү 15,0% 18,0% 16,0% 16,0% 16,9%
Кыргыз Республикасынын банк тутумунун леверидж коэффициенти 7 6 6 6 6

Ушул себептен Кыргыз Респубилкасынын банк тутумунун активдеринде Фонддун активдеринин үлүшү 100 пайызга эмес, 20 пайызга жакын.

Фонд тарабынан берилип жаткан каржылоо көлөмү банк тутумунун насыялык портфелинин 10 пайызын, ал эми Фонддун мандатына кирбеген ипотека менен керектөөчү насыяны алып салгандан кийинки насыялык портфелдин 13,2 пайызын туруктуу ээлейт. Бул да Кыргыз Республикасынын насыя рыногу үчүн Фонддун тутумдук маанилүүлүгүн ырастоочу көрсөткүч болуп эсептелет.

Банк секторунда насыялык протфелдин көлөмү 2019-жылдын акырына карата 146,4 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 14,5 пайыз өстү (2018-жылдын акырында — 127,9 млрд сом). Банк тутумунун насыялык портфелинде 2019-жылдын акырына карата квалификацияланган насыялардын үлүшү 8,0 пайыз же 11,7 млрд сом түздү (2018-жылдын акырына карата — 7,5 пайыз же 9,6 млрд. сом).

Фонддун насыялык портфелинин анык көлөмү Кыргыз Республикасынын банк тутумундагы жалпы насыялык портфелинде 10,2 пайызды түздү. Чакан жана орто ишкердикти максаттуу каржылоо боюнча насыялык портфель Кыргыз Республикасынын банк тутумунун насыялык портфелине карата 2019-жылдын акырында 5,9 пайыз деңгээлинде калыптанган. Банк тутумунун узак мөөнөттүү насыялык портфелинде Фонддун насыялык портфелинин үлүшү (үч жылдан ашык) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик төрттөн бирин түзөт (24,5 пайыз).

Фонд үстөк пайыздын жетиштүү төмөн болушу жана насыялоо мөөнөтүнүн кыйла узактыгы жагынан белгилүү бир артыкчылыктарга ээ болуу менен, кыска мөөнөттө насыялык рыноктун олуттуу үлүшүн ээлегенге жетишти. Фондун ресурс булактары болуп мөөнөтсүз мүнөздөгү капитал эсептелет.

Натыйжада Фонд рынокко белги аркылуу үстөк пайыздардын динамикасына жана түзүмүнө насыялоо наркын төмөндөтүүгө карай таасир кылды, бул бүгүнкү күндө өлкөнүн насыя рыногунда карызга берилчү ресурстардын баа түзүү процессиндеги олуттуу жетишкендик болуп эсептелет.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, коммерциялык банктардын чет элдик валютада 2019-жылы 3 жылдан ашык мөөнөткө, Фонддун мандатына туура келүүчү: өнөр жай, айыл чарба, унаа, байланыш, даярдоо жана кайра иштетүү тармактарына берген насыяларынын орточо үстөк чени 9,5 пайызды түздү, ошол эле учурда түз насыялоо боюнча Фонддун орточо үстөк чени  5,1 пайызга төмөн (4,4 пайыз) болду. Чакан жана орто ишкердикти насыялоого Фонддун каражаттарын берүү[2] (каржы-насыя уюмдары аркылуу) — АКШ доллары менен 5 пайыз жана кыргыз сому менен 9 пайыз (15.08.2017 чейин ЧОИни насыялоо кыргыз сому менен 12 үстөк пайыз чени, 15.08.2017 тартып 15.08.2019 чейин — 10 үстөк пайыз чени менен берилген).

Натыйжада Фонддун иши башталгандан бери банк тутумунун пайыздык чендери бир жылдан ашык мезгил ичинде чет өлкөлүк валютада 5 пайыздан ашык, улуттук валютада 4,3 пайызга төмөндөгөн.

Фонд насыя алуучуларды тартуу процессинде да, чакан жана орто ишкердик долбоорлорун каржылоого арналган арзан ресурстарды өнөктөш банктарга кошуу аркылуу да рынокко таасир этет.

Фонд рынокко узак мөөнөттүү насыялоо аркылуу таасир кылат. Алсак, Фонд иштей баштагандан кийин банк тутуму үч жылдан ашык мөөнөткө берген насыялардын үлүшү 2015-жылдын аягындагы 30,5 пайыздан 2019-жылдын аягында 41,8 пайызга өскөн.[3] Банк тутуму үч жылдан узак мөөнөткө берген насыялардын үлүшү (ипотека менен керектөөчү насыядан сырткары) банк тутумунун жалпы насыялык портфелинде 2019-жыл жыйынтыгы боюнча 31 пайызды түздү. Эгер үч жылдан ашык мөөнөттүк насыя үлүшүнүн өсүшүн валюталар жагынан карасак, анда үч жылдан ашык мөөнөткө чет элдик валюталда берилген насыялардын үлушү олуттуу өсүшкө жетип, чет элдик валютадагы насыялардын жалпы көлөмүндө 2015-жылдагы 41,8 пайыздан  2019-жылы 54,8 пайызга өскөнү байкалат.

Фонддун Кыргыз Республикасынын аймагында атаандаштары жок жана узак мөөнөткө насыялоо рыногунда өзүнчө сегментти түзөт. Бирок Фонд өз таасирин экономиканын артыкчылыктуу гана секторлорун, анын ичинде өнөр жай менен айыл чарбаны гана каржылоо менен чектейт, соода, курулуш, ипотекалоо, керектөөчү насыя иш-аракеттерин каржылоо менен алектенбейт жана деги эле коммерциялык банктар менен түз атаандашуудан оолак болууга умтулат.

Баса белгилей турган нерсе, Кыргыз Республикасынын экономикасы менен каржы тутуму үчүн башка өнүктүрүү институттарына караганда Фонддун олуттуу артыкчылыгы болуп анын иш-аракети республиканын мамлекеттик бюджетине карыз жүгүн көбөйтпөгөндүгү эсептелет.

 

[1] Карыз каражаттары жокко эсе.

[2] Андан ары артыкчылыктуу тармактарды насыялоонун үстөк пайыз ченемдери келтирилет (жалпы көлөмдө үлүшү 92 пайыз).

[3] Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Бюллетенинен маалыматтар (мезгилдин акырында коммерциялык банктар тарабынан берилген насыялар).

icon_contact