КОӨФ КРнын Президентине Россия жана Кыргызстандын аймактарынын достук паркын куруунун башкы планын тааныштырды

Жалал-Абадда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Россия менен Кыргызстандын аймактарынын достук паркы курулууда. Фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков КРнын Президенти Садыр Жапаровго курулуштун башкы планы менен тааныштырды.

2023-жылдын октябрында КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук бул долбоорго капсула салган. Аталган паркты курууга Россия Федерациясынын өкмөтү грант бөлгөн.

Белгилеп кетсек, долбоорду 2024-жылдын август айына чейин бүткөрүү пландалууда. Парктын аянты 8 гектардан ашат. Анда коомдук жана спорттук аянтчалар, фонтан, трибуна, веложол, балдар аянтчасы, көркөм өнөр объектилери жана башка көптөгөн нерселер камтылат. Аймакта үч миңден ашык бак-дарак, бадалдар, гүлдөр жана башка өсүмдүктөр отургузулат.

“Бул долбоор Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду үчүн уникалдуу. Бул биздин социалдык миссиябыздын бир бөлүгү жана биздин жардамыбыз менен курулуп жаткан биринчи парк. Ал Жалал-Абаддын инфраструктурасына шайкеш келип, бүтүндөй облустун тургундарынын сүйүктүү эс алуу жайына айланышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деди КОӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

 

icon_contact