Кыргызстандагы алгачкы газобетон заводу Баткенде курулууда

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан, «Халмион Пром» жоопкерчилиги чектелген коомуна барып, автоклавдык газобетон чыгаруучу заводунун курулушунан кабар алды.
Бул ишкананын жабдуулары Германия мамлекетинен алынып келинип, герман технологиясы менен курулуп жаткан Кыргызстандагы алгачкы ишкана.
Продукциясы дүйнөлүк стандартка жооп берет. Жогорку сапаттагы курулуш материалы алгач ички рынокто сатылат.
Газобетон- кирпичке альтернативдүү курулуш материалы болуп саналат. Адистер аны табигый материалдардан жасалган экологиялык таза продукция, турак жай же дагы башка курулуш обьектилерин курууда арзан жана сапаттуу болоорун, жылуулукка туруктуу экенин белгилешет.
Заводго сырье Кадамжайдын Кан айылынан ташылып келинет.
Ишкананын кубаттуулугу жылына 160миң куб метр продукция. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында пайдаланууга берилсе, 150 адам жумуш менен камсыз болот.
Заводду куруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 5,0 га жер аянты бөлүнүп берилген.
Ишкананын сметалык баасы 14,5 млн. АКШ долларын түзөт.
Курулушка Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан да каражат бөлүнгөн.
Облус башчысы жергиликтүү ишкер Замирбек Орозбаевдин аракетин кубаттап, заводду толук кандуу ишке киргизүү үчүн ар тараптуу колдоолор болоорун айтып, перспективдүү пландарды талкуулашты.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн басма сөз кызматы
Источник: Баткен облусу
icon_contact